www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишекеевди ит кылган Сыртбай Мусаевдин кошоматчылыгы...

Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссияга төрага болуп дайындалган Сыртбай Мусаевдин кубулуп, күн тийген жердин күкүгү болуп, «Сооронбай Шариповичтен башка киши жок» деп жүрүп, ошол «эмгеги» үчүн орден алган саясий ишмердүүлүгү боюнча «Жалбырак ТВ» калыс, объективдүү иликтөө жүргүзүптүр. Ушундан улам дагы бир окуя эске түшүп жатат.

2017-жылдын январында Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин деканын шайлоо болуп калды. Негизи факультеттин кыргыз тил илими кафедрасын «көлдүктөрдүн кафедрасы» деп коюшат, анткени ал жерге Сыртбай Мусаев жердештерин жыйып алган. Негизи Мусаев ортозаар эле илимпоз, алтургай «Ысыккөл» деп чогуу жазып элдин баарын сабатсыз кылган чаласабат орфографиялык эреженин авторлорунун бири да ушул биздин каарманыбыз болгон турбайбы. Анан декандык орунга шайлоо болгондо трайбалист Сыртбай Мусаев көлдүк иниси Бакыт Жайлообаевге чуркап, сакалдуу болгонуна карабай шайлоочу мугалимдерге күнү-түнү дебей телефон чалып, «Жайлообаевге добуш берип кой» деп суранып, тиленип жүргөнүн элдин баары билет. Ал шайлоодо декандык орунга ошол кездеги декан Мырзабек Жумаев, Бектурсун Байсабаев жана жаш, тажрыйбасыз Бакыт Жайлообаев үчөө ат салышкан.

Ошондо профессор Назаркул Ишекеев командасы менен 40 жыл бир кафедрада чогуу иштеген кесиптеши, үзөңгүлөш жолдошу, профессор Бектурсун Байсабаевди колдобой, Сыртбай Мусаевдин сүрөп жаткан иниси Бакыт Жайлообаевди колдоп, декан кылган.

Тагдырдын тамашасын карабайсызбы, кечээ эле «инимди колдоп бер» деп жалдырап, артынан ээрчип жүргөн Сыртбай Мусаев эми Назаркул Ишекеевдин ордун тартып алып, «кайдан көрдүм эле?» дегендей сыртын салып жатканы эмнеси? Мындай шумдук үч уктаса түшкө кирбеген, илбериңки, жалтак профессор Назаркул Ишекеев эмгиче түшүнө албай, «бул баягы эле Сыртбайбы, же дагы башка Сыртбай Мусаев деген пайда болгонбу?» деп эси эки болуп жатыптыр.

Булак: Азия News гезит

Последние новости