www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектептерди офлайн-режимге өткөрүү мөөнөтү жылдырылды

Бишкектин мектеп жана бала бакчаларын толугу менен офлайн-режимге өткөрүү мөөнөтү жылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып-келип окуп жатышат. 1-февралдан тарта калган класстар салттуу режимге өтүп, бала бакчалар иштей турганы айтылган.

«Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал бир аз болсо да турукташып калды, бирок толук жакшы деп айтууга эрте. Мындан улам окуу процессин жана бала бакчалардын ишин офлайн-режимде жандантуунун мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия абалды туура түшүнүүнү өтүнүп, кырдаалды көзөмөлдөөнү улантып жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости