www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык миллиардер жана бизнесмен Аркадий Ротенберг Идокопас булуңундагы Геленджик районунда жайгашкан имараттар комплексине ээлик кыларын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Ротенбергдин айтымында, ал мындан бир нече жыл мурун кредиторлору менен ымалага келгенден кийин бенефициар болуп, аталган тилкеге апарт-отель курууну чечкен.

«Азыр эми бул сыр деле болбой алды, бенефициар — менмин. Мурда кыйла татаал объект эле, кредиторлору да көп болчу. Жолум болуп, бенефициар болууга жетиштим. Чындап эле укмуш жер», — деген Ротенбергдин видеосун Mash Telegram каналы жарыялаган.

Анын айтымында, аталган жерде апарт-отель куруу боюнча иш жылдап жүрүп, болжол менен эки жылдан кийин аякташы керек.

«Өтө кылдат, берилип, дыкаттык менен жасалып жатат. Отелдин курулушу эки жылдан кийин бүтөт деп турам», — деди ал.

Ротенберг Идокопас булуңундагы комплекс Россия аймагында ал алек болгон жападан жалгыз майманкана объектиси эмес экенин белгиледи.

«Чектөөлөр Орусия ичиндеги саякатка суроо-талапты жогорулатты, экинчиден, жайланыша турган жерлердин жетишсиз экенин көрсөттү. Бизнестин ушул тармагына акча салууну улантам», — деди ишкер.

Кечээ «Россия 1» жана Mash Telegram каналынын журналисттери имараттын ичин көрсөтүштү. Кадрларда курулуш иштеринин жүрүп жатканы көрүнүп турат.

Белгилей кетсек, буга чейин Владимир Путин президентке таандык делген Геленджиктеги «хан сарайдын» YouTube каналына жарыяланган видеосун көңүл коюп көрбөгөнүн, бирок жардамчылары алып келген видеотоптомдорго учкай көз жүгүрткөнүн айткан. «Иликтөөдөгү» мүлктүн бири дагы өзүнө да, жакындарына да тиешелүү эместигин белгилеген болчу.

Өз кезегинде президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Геленджиктеги «хан сарайга» бир же бир нече ишкер ээлик кыларын билдирген. Анын айтымында, Кремлде ал адамдардын аты-жөнүн ачыктоого тыюу салынган, анткени бул адепсиздикке жатат.

Мындан тышкары, президентке багытталган маалыматтык чабуул тууралуу да буга чейин эле кабардар болушканы, мунун баары абалды туруксуздаштыруу максатын көздөй турганы кошумчаланган.

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости