www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишембилик эмгек майрамына айланды

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучулар курамы жана студенттери эрте таёдан ишембиликке чыгышты. Алар жогорку окуу жайдын короосун  тазалап, бак-дарактарды акташты. Өстүрүлүп жаткан гүлдөрдөн, дарактардын  астын чаап-жумшатып, жөөк тартып чыгышты. Ал эми институттун жамааты көтөргөн «Шаардын талазылыгы үчүн» деген демилгени колдогон бир топ студенттер  Ош шаарынын Манас ата кичи районунун аймагында ишембилик өткөрүштү. Жаштык кайраты менен иштеген студенттер аймактагы көчөлөрдү таштандылардан арылтып, жолдун чекелериндеги  арыктарды чаап, шаардын көркүнө көрк кошушту.

Ишембиликти уюштуруубуздун  негизги максаты жаштарды эмгекке көндүрүү менен тазалыкты сактоого үйрөтүү, -дейт ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов.

Бул күнгө ишембилик аталган жогорку окуу жайдын жамааты үчүн чыныгы эмгек майрамына айланды. Анткени уюшкандыкта өткөрүлгөн ишембиликтин демилгесине кошулган дагы бир топ студент жаштар Ак-Буура дарыясынын жээктерин таштандылардан тазалап, иретке келтиришти. Шаардын тазарышына татыктуу салым кошкон жамааттын маанайы да майрамдагыдай көтөрүңкү болду.

Сабыр Буркашев, ОшМЮИнин басма сөз катчысы.

Последние новости