www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишенимдин саткындары

Ишеним – адам баласынын эң ыйык сезимдеринин бири. Ишенимден ажыроо саткынчылык болуп келгени туурасында карт тарыхта мисал. Айтсак, дүйнөнүн улуу жаагери Чынгызхан ишенимдин саткындарына аёсуз жаза колдонуп, аларга кечирим кылбаган. Өз катарындагылардан чыккан саткындарга кылычтын мизи менен гана жооп кайтарган үчүн улуу империяны түптөгөн эмеспи...

Кыргызстанды кубаттуу өлкө катары дүйнөгө тааныта албай келатканыбыздын эң башкы себебин көбү экономикалык чабалдыгыбыздан көрүшөт. Жок! Кептин баары – эл ишенимин сууткан саясый элитанбыздын саткындыгы экенин эки жолку мамлекеттик төңкөрүш көрсөттү. Анысы да, мунусу да эл ишенимин актабады. Мурунку бийликтин саткынчылыгы өз башы менен кетсин дейли, кийинкисичи? Авторитардык зулум бийликтен калган мамлекеттик системаны парламенттик башкаруу жолуна салып, бийликтин үч бутагын теңдемге (баланс) салар Башмыйзам иштеп атабы бүгүн?! Анын аты эле парламенттик башкаруу моделин көрсөткөнү болбосо, иш жүзүндө кылт эткендин баарын тескөө президенттик аппараттын гана колу менен жасалууда.

2010-жылкы, 7-апрель окуясында курман болгондорду Ата-Бейитте акыркы сапарга узатууда шейит кеткен баатырлардын арбагы алдында, эл алдында мукактанып сүйлөгөн Атамбаев мурунку эки бийликтин тушунда элдин жонтерисин шылыган саясатчылар мындан ары бийликке келбестигине ант берип, алардын орду бир гана түрмөдө экенин айткан. Көзүнө жаш алып сүйлөгөн.

А кийин А.Акаев, К.Бакиевдин зулум бийлигин кулатууга чейин тилектеш болуп келген саясый күчтөрдү оппозиция жээгинде калтырып, мурунку бийликтин акыл кошчуларынын кеңеши менен мурунку бийликтегилердин жорук-жосундарын мурастап отурат бүгүн. Революциялык жол менен бийлик түзүмүн жаңы багытка бурабыз деп келген ажонун барып турган саткынчылыгы ушул эмеспи... Революциялык идеяны өзү күм-жам кылып, эл ишенимин сатып кеткен жокпу?!

Бийлик кумарына мас болгон жетинчи кабаттагылар бүгүн саясый абалды чакмак таштай калчап, парламентти да, өкмөттү да боз эшектей минип алды. Мөңкүй тургандарын күлгө бозала кылып оонатаар ыкмаларды колдонууда. Парламент да, өкмөт да президенттин айланасындагылардын гана ишаратын тиктеп отуруп калганын турмуш өзү көрсөтүүдө. Президенттин опузасы мыйзамдан күчтүү, мыйзамдан таасирдүү болгон үчүн бийликке каш каккандарга каршы көзкөрүнөө жалаа жабуу, абакка отургузуп коюу ыкмасы күчөдү. Агер парламенттин таасири күчтүү болуп турганда, өлкө тагдыры бүгүнкүдөй туңгуюкка кабылмак эмес. Президенттин өзбилемдик саясатын тизгиндеп турар күч бир гана парламент колунда болчу. А парламенттин көпчүлүк курамында бүгүн кимдер отурат? Жарганатка окшогон саясатчылар! Мынча болду, жарганат туурасында индустардын икеялуу жомогун кыстара кетпесек, сөздүн тузу кем болуп калчудай...

«Качандыр бир кезде канаттуулар менен айбанаттардын ортосунда чоң согуш чыгат. Жарганат ошондо минтиптир өзүнчө: «Менин айбанат же канаттуу экенимди ушуга дейре эч ким аныктай элек. Бири айбанатсың десе, бири канаттуусуң дейт. Андыктан четте бөлүнүп турайын, жакшылап ойлоноюн. Канаттууларга да, айбанаттарга да өзүмдү илээштирбейин. Кайсы тарабы кыйын, көрөйүн. Кимиси жеңсе, ошол жагына кошулам!»

Бул учурда айбанаттар менен канаттуулардын бетме-бет кармашы башталды. Жарганат болсо урушту алыстан гана карап отурду. Анын байкоосунда: канаттуулар чапчаң көрүндү. Ал ошол замат канаттуулар тарабына учту, бирок өтө жакындап барбастан ойлонду: «Мейли, адегенде жеңишке жетип алышсын, ошондо кошулам!»

Арийне, канаттуулар жеңиле турган болуп калды эле, жарганат айбанаттар тарабына жылт койду да, минтип жар салды:

– Менин тумшугум кудум эле чычкандыкындай. Балдарыма сүт эмизем, а канаттууларга андай ырыскы буюрбаган. Демек, мен айбанатмын. Андыктан мени өгөй эмес, өздөй көрсөңөр экен! А мен силерге өмүр бою чын жүрөгүмдөн ак кызматымды кыламын. Мен силерди эч качан сатпаймын!

Айбанаттар жарганатка ишенип, өздөй көрүп кошуп алышты.

Бирок болбой эле канаттуулар жеңип кетти. Анткени алардын аскер башчысы алгыр бүркүт деген түгөткүр экен. Муну баамдаган жарганаттын жаны оозуна кептелип, ой калчады: «Мени эми канаттуулар соо койбойт. Тытып жешет!»

Ушул ой башына келери менен зуу коюп качты. Качканда да тоолордун, токойлордун арасына житип, өзүнө кычык тапты.

Ошондон бери ал кыпылдап жашайт экен: күндүзү жашынат, түндөсү канаттуунун баары уяларында уктап жатканда гана жарганат сыртка уурданып чыкчу болуптур.

Көрсө, суу жүрөктөр ушундай оома, шүмшүк, саткын болгон үчүн бет күйдү болуп жашайт экен». 

Жомок ушинтип аяктайт. Чындыкты баамдаган чыгарсыз, окурман! Бизде кудум ушундай болду: кудай урган жарганатка окшогон саясатчылардын тобу көпчүлүк коалицияга кирип кетишти: өгөй эмес, өздөй көрүнүп. Алардын анабашылары өз учурунда парламенттик башкаруу моделине караманча каршы чыгып келаткандар эле, бирок күч кай тарабында экенин сезишти да, жылт коюшту. Идея баалуулугу үчүн эмес, күч президент тарапта болгон үчүн!

Алар да өз убагында А.Акаев менен К.Бакиевди сатып кеткендер экенин А.Атамбаев беш манжасындай билчү, бирок парламенттеги «атамекенчилердин» таасири бийликтегилерге уйку бербеди көрүнөт, эски санаалаштарын уйпалап баса калып, Ө.Текебаевдин канатын сындырыш үчүн «атамекенчилерден» да мурдагы келишкис көзкараштагы каршылаштарын караан үчүн өздөрүнүн катарына ыктатты. Бийликтин көшөгө артындагы саясый кызыл кулактыгы ушуга барууга аргасыз кылды. Антпесе, Ө.Текебаев ЖК трибунасына чыккан сайын, 2017-жылы коррупциянын анабашылары түрмөгө камалар кезмети келгенин дамамат кайталаганы күчөгөн. Анын «эсиңерге келгиле!» деп сөөмөй кесегени саясый элитанын жүрөгүн болкулдатып, көчүгүн кыпылдата баштаганын АША бийлиги илгиртпей илип кетти. Ошону менен өз дебей, жат дебей биригүү жолун тандашты көрүнөт. Ал өзүнчө сөзгө алынчу жагдай...

Биз сөз учугунан окчун кетпейли. Бүгүнкү сөзүбүз ишеним саткындары жөнүндө гана болмокчу. Жарганат сымал тиягына да, биягына да заматта зып койчу саясатчылар азыр АША бийлигинин тегерегинде толо. Эл тагдыры да ошолордун колу менен экчелип калышы бир заматта. Азырынча алар жарганат сымал күч кай тарабына ооп кетерине байкоо салып турган кезең. Алар тиягына да, биягына да өтө жакындап, өтө алыстап да кетпейт.

Агер бийликтин адилетсиздигине нааразы болгондордун катары көбөйө турган болсо ЖК трибунасы аркылуу бак-бак сүйлөп, абакта жаткан Текебаевге жан тарткан түр көрсөтүүгө даяр турушат, а кокус жаздым тайып, бийликтин бүгүнкү аракети өз жемишин берер жагына оосо, бийликтин аракетин колдочу позицияны да, «позаны» да табышат. Ал позалары – азыркыдай эле тилди тишке катып отуруу. Албетте, алар азыркы бийликке арка-бел болуп бералышпайт, бирок алар А.Акаев, К.Бакиевге ишеним берип келген бай тажрыйба, калың капчыктары менен А.Атамбаев менен да шериктеш болуп кетүүгө дайым даяр...

Маселен, Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаевдин командасы быйылкы президенттик шайлоо алдында камырдай жуурулушуп кетээр болсо, буга таңгалыштын да кереги жок. Экөө тең камырдан кыл суурганга келгенде биринен бири калышпас саясатчылар. Экөө тең Бакиев бийлиги менен кантип жуурулушуп кеткенин жамы журт унутпаган чыгар. Ала-Тоо аянтында «Бакиев саясый труп» деп кыйкырып жүргөн Атамбаев кийин ошол саясый труптун жанынан жай таап, премьер-министр болсо, Ө.Бабанов да бийликтин эң мерчемдүү бутагына барып конгон. Ал кезде Бабанов да КСДП сабында айкырык салгандардын арасында жүргөн саясат болчу. Мындайча айтканда, АША экөө эски өнөктөр экенин унутпообуз керек... Экөөнүн тең ишенимдери бир, жарганаттай зып койгон кулк-мүнөздөрү да окшош.

Сааты чыккан учур келсе, экөө тең тилектеш, санаалаш, шериктеш болуп чыга келиши толук ыктымал. Экөө бирине бири канчалык жийиркенимиш болгону менен – бийлик кумарына келгенде жыт искешпейт...

Булак: "Алиби"

Последние новости