www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишканаларга диний аталыштары коюуга тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров кол койгон “Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, ишкана, фирма жана компаниялардын аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди жана аныктамаларды пайдаланууга тыюу салынат.

Жарандык кодекстин 89-беренесинин 1-бөлүгү “диний коммерциялык эмес уюмдарды, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди, аныктамаларды колдонууга жол берилбейт”, — деген ченем менен толукталат.

Диний мүнөздөгү сөздөр, терминдер, аныктамалардын тизмесин жана аларды пайдалануу тартибин Министрлер кабинети бекитет. Бул мыйзамды 27-июнда парламент кабыл алган.

Последние новости