www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борбору Париж шаарында үч күндөн кийин башталат. Ири мелдеш 11-августка чейин созулмакчы. Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышат. Алар сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча беттештерге чыгышат.

Алдыда кыргызстандык спортчулардын Олимпиада-2024 оюндарында чыгуу графиги:

27-июль

Сууда сүзүү:

Денис Петрашов 100 метрге брасс сүзүү, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча);

28-июль

Дзюдо

Кубанычбек Айбек уулу (66 кг чейин) 14:00 - 1/32 финал;

Бокс

Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг чейин) -15:00 — 1/16 финал;

31-июль

Дзюдо

Эрлан Шеров (90 кг чейин) 14:00 — 1/32 финал

3-август

Сууда сүзүү

Елизавета Печерских 50 метрге эркин сүзүү - 15:00

5-август

Спорттук күрөш

Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) 19:00 - 1/8 финал

Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) 19:00 - 1/8 финал

6-август

Спорттук күрөш

Акжол Махмудов (77 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал

Үзүр Жузупбеков (97 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал

7-август

Спорттук күрөш

Амантур Исмаилов (67 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал

8-август

Спорттук күрөш

Бекзат Алмаз уулу (57 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал

9-август

Спорттук күрөш

Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) 15:30 - 1/8 финал

- Айаал Лазарев 125 кг чейин 15:30 - 1/8 финал

10-август

Спорттук күрөш

65 кг чейин - Эрназар Акматалиев 15:30 - 1/8 финал

76 кг чейин - Айпери Медет кызы 15:30 - 1/8 финал

11-август

Жеңил атлетика

Сардана Трофимова марафондук жарыштын башталышы 12:00.

Белгилей кетсек, XXXIII жайкы Олимпиада оюндары бул ирет Францияда өтөт. Олимпиада-2024 мелдешинин программасына спорттун 45 түрү киргизилген. Анда 200дөн ашык өлкөдөн 10 500 спортчу күч сынашат.

Последние новости