www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кенештин депутаты Искендер Матраимов (КСДП фракциясы) Кожолеӊ айылында кар көчкүдөн каза болгон жарандын жакындарына барып, өз фракциялаштарынын атынан көӊүл айтуу менен, материалдык жардам көрсөттү. Депутат менен бирге барган Ош облустук администрациясы менен Кара-Суу районунун акимчилигинин жетекчилери да кооптуу аймакта жашап жаткан жергиликтүү тургундардын абалын сурап, материалдык жардам берди.

20-февралда Кара-Суу районунун Кожокелен айылында кар көчкү жүрүп, анын кесепетинен Угулай Хашимова деген 20 жаштагы келин каза болуп, артында 6 айлык кызы калган. Ушу тапта кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасы тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Папан айыл өкмөтүнүн милиция кызматкерлери да жергиликтүү калк менен иш алпарууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдагандай, Кожокелеӊде 15 үй-бүлөнү башка жерге көчүрүү зарылдыгы бар. «Учурда аларга коопсуз аймактан жер тилкеси изделип жатат», - деди Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрматбек Исмаилов.

КР ЖК Басма сөз кызматы

 

Последние новости