www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Исманкулов деген белгилүү көз доктур бар. Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөндөрдүн бири.
Мына кезинде Түштүк Кореядан мамлекетти кепил кылып кредит алып, жеке клиника ачып жыргап бизнес кылууда. Тарыхына токтолсок, насыянын пайдасын Исманкулов көрүп, шоруна мамлекет калган.
Башкача айтканда, Исманкулов Улуттук университеттин имаратын күрөөгө коюп, жеке клиникасы үчүн Кореядан олчойгон 8 млн. доллар насыя алып, аны төлөбөй коюп, тууму менен 28 млн. долларга жетип, карыз мамлекеттин мойнуна илинип турат. Бул эргул насыя алып жеке кызыкчылыгына пайдаланып байыса, анысы аз келгенсип мамлекеттик имаратты ит бекер колдонсо, анан анын карызын карапайым эл төлөш керекпи?
Эмнеге Ташиевдин "Кустуризациясына" Исманкулов илинген жок? Мамлекеттин мойнуна илинген 28 млн. долларды төлөтүш керек эле го. Эмнеге насыяны Исманкулов алып байып жыргаш керек да, бир тыйын албаган эл төлөш керек?
Айтор, "крышасы" күчтүү экен. Кылы кыйшайган жок. Тескерисинче, анын ордуна акыйкатты орнотом деген Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев камалып чыкты. Министрликтен кетти. Кыскасы, айран ичкен кутулуп, аяк жалаган тутулган өзүнчө эле парадокс.
Булак: NazarNews