www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Римде 31-мартта Италиянын аскер-деңиз күчтөрүнүн капитаны Орусиянын пайдасы үчүн тыңчылыкка шектелип, кармалды. Ал орусиялык аскер адамы менен бирге колго түшкөнүн Италиянын чалгын кызматы жана полиция билдирди.

Италиянын Тышкы иштер министри бул маселе боюнча Римдеги орус элчиси Сергей Разов министрликке чакырылганын кабарлады.

«Из кубарлар ал экөөнүн жашыруун жолугушуусун аңдып, анда италиялык офицер акчаны маанилүү документти алмаштырып, берип жаткан учурда кармашкан», - деп айтылат полициянын билдирүүсүндө. Азырынча Орусиянын расмий өкүлдөрү бул окуяга байланыштуу комментарий берише элек.

Италиянын контрчалгындоо кызматы Орусиянын Римдеги элчилигинин расмий кызматкери менен италиялык капитандын жашыруун жолугушуусу түн ортосунда болгонун белгилеген. Билдирүүдө кармалган экөө тең мамлекеттик коопсуздукка байланыштуу тыңчылыкка шектелип жатканы көрсөтүлгөн. Анын жыйынтыгында италиялык офицер кармалып, камакка алынды. Ал эми орус элчилигинин кызматкеринин дипломатиялык кол тийбестигине байланыштуу анын жагдайы кароодо экени кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости