www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде контрабандалык жүк кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын тарабынан Баткен бажысынын жардамы менен аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүрүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик чек аранын чек ара бөлүктөрүндө контрабанда иш-аракеттеринин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
2021-жылдын 30-мартында Баткен районунун Миң-Булак айылында коңшу мамлекеттен контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташып жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды.
Такталгандай, кошуна өлкөлөрдөн коштомо документтерисиз алынып келинген жалпы көлөмү 2 тоннадан ашык лимон түрүндөгү контрабандалык продуктулар жана 54 миң даана тооктун жумурткалары кармалды. Кармалган жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 852 миң сомго бааланууда.
Учурда Баткен бажы органдары тарабынан кармалган жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg