www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин парламентарийлердин жалпы саны 945 болсо, эми 600 болуп калды. Бул тууралуу жазган маалымат булактарына таянсак, 8-октябрда Италия парламентинин төмөнкү палатасы мындай кыскартуу демилгесин колдоп беришкен.

Конституциялык реформага алып келген бул мыйзам долбоор колдоо табышы үчүн 316 добуш алышы керек болсо, депутаттардын 14ү каршы, 553ү макул деп добуш беришкен. Эми ал мыйзамдын негизинде, депутаттар 600дөн 400гө, сенаторлор 315тен 200гө азаят.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам кабыл алынган соң, премьер-министр Жузеппе Конте “Италия үчүн тарыхий күн болду” деп Твиттерге жазып чыккан. Анын пикиринде, бул реформа саясаттагы чыгымга таасир берет жана эки палатанын натыйжалуу иштешине шарт түзөт.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости