www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир-эки күндөн бери угуп деле, көрүп деле атасыңар да Атамбаевдин мурдагы жансакчысы, учурдагы ишкер Эркин Мамбеталиев Баткен милициясына автоунаа берсе, кийинчерээк облустук милиция “алган эмеспиз”- деп жанын жеп жатышкан.
Бир туруп милицияга берилген эмес, бир туруп “тонировка үчүн” айыпка жыгылган -деп танып жатышпады беле. Мына эми буга чейин автоунааларды ыйгаруу салтанаттуу аземи сүрөт менен чектелип келсе эми анын видеосу! Эми тана албастыр Баткендин милициясы?
Же Эркин Мамбеталиев Баткенге барам деп анклавга кирип кетип, Ворухтагы тажиктин укук коргоо кызматына ыйгарып алганбы? Дейин десең видеодо ачкычты алгандар таптаза кыргызча сүйлөп эле, сүйүнүп жатышпайбы. Бет тырмагандын дагы чеги болуш керек да?.. Жада калса, Мамбеталиев видеодон деле сүйлөп жатат го, “жарнама кылбайын дедим эле, жогору жактагыларыңар болбой койду”-деп. Же Баткендик милиция “тонировка үчүн” кармалгандарды ушинтип “чай ичип кетиңиз?”- деп узатышабы?
Анысы дагы эч нерсе эмес, кийинчерээк бизге ишенимдүү булактардан белгилүү болгондой, коомдо өйдө-ылдый сөз болгондон кийин унааларды “все-таки” чек арачыларга берип коюшуптур. Ошон үчүн, башында эле Баткен милициясы “ооба, унаалар бизге белек катары берилди”- деп койсоңор, балким жол тандабастар силерде эле кала берет беле?
Булак:NazarNews.kg