www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акаевдин өкмөт башчысы, учурдагы «Бир бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев Атамбаевдин атын түбөлүккө калтыргысы келип, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна койгусу келген. Эми Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңеши Тажикстандын айылдарын айланып өтүүчү Көк-Таш — Ак-Сай – Рават жолуна Жеңиш Разаковдун ысымын ыйгарууну сунуштап жатат. Жеңиш Парпиевич мүмкүн Тажик - Кыргыз чек арасы үчүн канын-жанын аябай жүргөнү үчүн татыктуудур. Ал эми Кубанычбек Мырзабековичтин сунушу суу кечпей калгандай.
Жергиликтүү Кеңеш мындай чечимди Разаков Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп турган кезде, 2016-жылдын март айындагы сессиясында кабыл алган. Токтом Юстиция министрлигинин расмий сайтына да жайгаштырылган. Ал арада бул чечим айрым колдонуучулар тарабынан фейсбукка жарыяланып, ал жолго ысымын ыйгарууга Жеңиш Разаков канчалык татыктуу экени кызуу талкууга алынууда.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg