www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын президенти Сержо Маттарелла премьер-министр Марио Драгинин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл албай койду. Мунун алдында Драги ишин тапшырып берерин жарыялаган.

Премьер-министр кызматтан кетүү себебин башкаруучу коалициядагы партиялардын бири "Беш жылдыз кыймылынын" сенатта өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартканы менен байланыштырган. Ал партия муну менен парламенттик көпчүлүктөн формалдуу түрдө чыкканын түшүндүрүшкөн.

Драгинин айтымында, өкмөт жаңы түзүлгөн учурда болгон колдоо, улуттук биримдик азайды. Коалицияны ар кандай шылтоолор менен кармоонун зарылчылыгы жок деп белгиледи премьер.

Бейшемби күнү Италиянын парламентинин жогору палатасы – сенатта Драги баштаган өкмөткө ишенимин бышыктаган добуш берүү жүргөн. Ишеним көрсөтүү вотумуна 172 сенатор "макул" деп добуш берген, 39у каршы чыккан. "Беш жылдыз кыймылы" партиясы добуш берүүгө катышкан эмес.

Марио Драги Италиянын өкмөтүн былтыр февраль айында жетектей баштаган. Драги 16-июнда Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Румыниянын президенти Клаус Йоханнис менен чогуу Киевге келип кеткен.

Июнь айында Украинага курал жеткирүү талашынан улам Италиянын парламентиндеги "Беш жылдыз кыймылы" партиясы өзү да чачыраган. Бул саясий топтун атынан өкмөткө кирген тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо фракциядан чыкканын жар салган. Ди Майо муну мурдагы премьер-министр Жузеппе Конте жетектеген бул партиянын мүчөлөрүнүн көбү Украинага курал жеткирүүгө каршы чыгышканы менен түшүндүргөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости