www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш өлкөлөрүнүн Орусия менен тирешүүгө киришкени өтө ойлонбостон болгон, деп француз басылмасы Valeurs Actuelles жазды.

“Орустар согуш талаасында да, дипломатиялык фронтто да ишенимдүү алдыга жылууда, анткени Москва кабылган санкциялар каалаган натыйжаларды бербей жатат, андан да жаманы ал демилгечилердин өзүнө каршы чыгып жатат”, - дейт автор Арно Бенедетти. Ал өзгөчө көңүлдү Европадагы жана АКШдагы баанын өсүшүнө, рублдин жакшы динамикасына жана евронун долларга карата алсызданышына бурду.

Анын айтымында, Батыштын эң негизги катасы - ал СССРди Орусияда көрүүнү улантып жатканында, ал эми дүйнө кансыз согуш аяктагандан кийин багытын эбак өзгөрткөн.

Батыш саясатчылары окуялардын башкача өнүгүшүн күтүшкөн, бирок алар Москванын стратегиялык тылы бар экенин түшүнүшпөйт. Мисалы, экономикалык салмагы менен АКШ жана Европа жаңы дүйнөлүк түзүлүштөгү борбордук ролун жоготкондугун көрсөткөн Кытай», - деп кошумчалады журналист.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

 

Последние новости