www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов биргелешкен билдирүү жасап, аялдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилгенин жарыялашты. Укук коргоо уюмдарынын айтымында, эки өлкөдө тең аялдардын социалдык жана укуктук абалына байланыштуу көйгөйлөр бар. Бул тууралуу «Нейтральный Туркменистан» басылмасы жазды.

Түркмөнстан менен Өзбекстандын президенттери гендердик теңчиликти колдоого, коомдо тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууда жана туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык адамдык потенциалды толук ишке ашырууда негизги ролду ойногон аялдардын укуктарын кеңейтүүгө умтуларын ырасташты”, - деп айтылат маалыматта.

Түркмөнстанда президент Сердар Бердымухамедов бийликке келгенден кийин өлкөдө аялдарга тыюу салуулардын жаңы толкуну башталган. Тактап айтканда, ММКнын маалыматына караганда, түркмөн аялдары «өздөрүнүн сырткы жагымдуулугун жогорулатуунун кошумча жолдорунан баш тартууга» жазуу жүзүндө убада берүүнү талап кыла башташкан. Ошондой эле Түркмөнстандын мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлерине джинсы шым жана тар көйнөк кийбөө, маникюр жана эринге татуировка жасабоого буйрук берилген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости