www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатчылар, аткаминерлер кимиси кандай каймана лакап атты алып жүрөт улантабыз...
Кыргыз саясатында жүргөн эл башкарам деген төбөлдөрдүн баскан-турганына, ишмердүүлүгүнө, саясаттагы позициясына карата ар кандай каймана атка (кличка) ээ болушат.
Айрымдарына жармашкан каймана аты, өмүр бою лакап болуп калат...
"Иуда"
Кыргыз саясатында көрүнүктүү орду бар Иса Өмүркуловду "Иуда" дешет экен. Мындай каймана атка, Алмазбек Атамбаевдин жанында өмүр бою дос, үзөңгүлөш, санаалаш болуп жүрүп, президент кезинде болгон жакшылыгын көрүп, каалагандай эркелеп, анан бийликтен кеткенде "сатып" кеткенден улам ээ болгону айтылып келет.
"Пахтакор"
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев кошоматчылык жаатында алдына ат салдырбаган өнөрү үчүн коомчулукта "пахтакор" деген лакап ат менен таанымал. Эл арасында талтайган жагынан Балбакка жетиш кыйын деген азил айтылып жүрөт. Өзү да элдин сынын туура түшүнүп: "Мени пахтакор, кошоматчы дешет. Эми бул менин тагдырым экен", - деп мойнуна алган жайы бар.
"Таракан"
Жогорку Кеңештин "Ынтымак" партиясынан депутат болгон Эрулан Көкүловду тар чөйрөдө "Таракан" деп тергешет экен. Сыягы, тамак-аш жасаган ашканаларды текшерип, таракан издеп чуу сала берген жоругунан улам, ушундай атка ээ болгон окшойт.
"Шарлатан"
Кезинде бир топ үлкөн кызматтарды аркалап, (Мүлк министри, Талас облусунун губернатору, Вице-премьер-министр, "Учкун" ишканасынын директору) бирок ишинен майнап чыгара албаган, ортозаар чиновниктердин катарын толуктаган Даир Кенекеев деген аткаминер бар. Даир мырзаны жакындан билгендер "Шарлатан" деп тамашалайт экен. Ага анын "көзү ачык, дубакөй кемпирлер" менен ынак экени, сын айткан же пикири келишпей калгандарды "кара дуба" окуттуруп салам деп коркута берген жосунсуз жоругу себеп болгон дешет...
Азил-чыны аралашкан каймана атка ээ аткаминерлер тууралуу, ким кандай кличкага ээ экендиги боюнча кезек-кезеги менен жазып турабыз.
Булак: NazarNews.kg