www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Убагында, жер планетасында СССРдеген мамлекет чынында эле өтө кубаттуу болгон. Ал кезде Советтик идеология ар бир атуулу үчүн кам көргөн.Социалдык лифт деген өтө күчтүү болгон.Муну ошол кездин адамдары беш колдой би­лет. Бүгункү заманадагыдай биринчи катарда адегенде акча, андан кийин акыл, абийир тургандай эмес, намыс, адамдык уят-сыйыт деген эң башкы орунда турган.Ушундай улуу идеологиясы күчтүү мамлекетти бир мезгилде Юрий Андропов деген инсан 8 ай гана башкарып. Ошол кыска убакыттын ичинде килейген өлкөдө темирдей тартипти орнотконун кимдер гана билбейт. Ал киши биздеги ай­рым чиновниктердей болуп өз “көмөчү” үчүн эмес, өз өлкөсү үчүн башын сайып койгонун ушундан көр, ден-соолуугу начарлап өлүм менен өмүрдүн ортосунда турганын билсе да эч сыр алдырбай, тазалыкты туу тутуп иштей берген.Ошол учурда ФРГнын канцлери Г ельмут Коль СССРге расмий сапар менен келет. Жолугушууда Ю.Андроповдун абалын көруп, өзүнүн өлкөсүнө дарыланууга чакырат.Бул сунуш чынында эле Юрий Владимирович Андропов учун анын азаптуу дарттан айыгып кетүүсүндөгү (балким) реалдуу мүмкүнчүлүгү эле.Бирок, Ю. Ан­дропов: “эгер мен Батыш Г ерманияга барып дарылана турган болсом Советтер Союзу капитализмге күнкөр болуп калыптыр” деген сөз чыгат. Өлкөмдүн имиджине доо кетет” деп болбой коет...Көп өтпөй бөйрөк дартынан каза табат... Эми мындай лидерлер азыр дээрлик жок болсо керек.

Булак: "Айгай пресс"

 

Последние новости