www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо жана прокуратура органдары Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке караштуу ишкананын эмне үчүн аз киреше түщүрүп жатканын териштирип көрүүсү зарыл. Бул тууралуу депутат Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде “Семетей” мейманканасын мүлкүн өткөрүп берүү чараларын кароо жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке караштуу «Семетей» мейманканасы, «Военторг» жана «Народный» дүкөндөрү жайгашкан иамарат жөнүндө сөз болууда. Депутат Акылбек Жамангулов жок дегенде имаратты ижарага алган дүкөндөрдөн пайда түшүшү керектигин айтып, бирок эмнегедир узак жылдардан бери андай болбой келатканына таӊгалды.

Эсептөө палатасынын өкүлү буга чейин «Семетей» мейманканасынын ишине текшерүү жүргүзүлгөнүн, анын кирешеси жылдан-жылга түшүп баратканын, ал эми Башкы прокуратура 2014-2015-жылдары «Военторг» дүкөнүнө кылмыш ишин козгогонун белгиледи.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке караштуу ишкана боюнча топтолгон материалдардын баарын Эсептөө палатасы менен Башкы прокуратурага текшерүү үчүн жөнөтүү чечимине келишти.

Булак: "КР ЖК Басма сөз кызматы"

Последние новости