www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус падышасы Иван Грозный Англия королевасы Елизавета 1ге үйлөнмөкчү экендигин билдирип бир нече жолу элчилерин жиберет. Бирок Ханыша мындай биримдиктин ылаажысы жок экендигин кат аркылуу жазып жиберет.

Иван Грозный кайра-кайра королевага сөз айттыра берген соң Елизавета 1570-жылы орус падышасына жатыгы менен түшүндүрүп кат жазат. Катта Англия Ханышасы:

- Иван Васильевич, сиз сунуштап жаткан нерсеге Англия парламенти ыраазы эмес! - деп жазган эле.

Катты окуп ачуусу кайнап чыккан орус падышасы Елизаветага жооп жөнөтөт:

- Демек,сен эмес... Сенин жаныңдагы адамдар өкүм чыгарат экен да?! Сенин журтуңда кайдагы бир соодагерлер кожоюн турбайбы? Сен эми кыз бойдон ушундай дайыны жок жашоодо жашап өтөсүңбү?!

Жапайы, тиран, диктатор орус падышасы Англияда ошол кезде эле парламентаризм, демократиянын баштапкы белгилери болгондугун кайдан билсин?

Мына, арадан жарым миң жыл өттү. Англия монархиялык мамлекет болсо да инсан укуктары корголгон, адамзат жыргалчылыгы көздөлгөн гүлдөп-өнүккөн коомдо жашап жатат. Иван Грозный падышалык кылган аймактарда болсо алиге чейин мыйзамсыздык, тирания жана диктатура уланып келүүдө.

Бул кетиште дагы 500 жылдан кийин да абал өзгөрөбү, жокпу Кудай билет.

Каттабек Шамшиев, активист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости