www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиялык теле алып баруучу Иван Ургант 30-апрелде Биринчи каналдагы “Вечерний Ургант” телеберүүсүндө кыргыздар тууралуу тамаша айтты.
Ал “Союз мультфильм” чебурашканын образын кайрадан колдонуу үчүн Япониядан автордук укукту кайтарып алууга ниеттенип жатканын айтты. Японияга автордук укук 15 жыл мурда берилген.
“Япон тарап чебурашкага болгон автордук укукту 2023-жылга чейин ээлик кыла турганын айтып жатышат. Бирок Япония автордук укукту кайтарышы мүмкүн, бирок биз аларга ордуна башка нерсе беришибиз зарыл. Алар Курил аралдарын бергиле биз, чебурашканы беребиз деп калышы мүмкүн.
Бирок биз аларга башка жолду сунуштайбыз. Силер бизге чебурашканы бересиңер, биз силерге Москвадагы япон ресторандарындагы бардык официанттарды беребиз. Ошону менен эки жакшы иш кылган болобуз — чебурашканы мекенине кайтарабыз, Кыргызстандын элинин жарымы Токиону көргөн болот”, — деди Ургант.
Булак: NazarNews.kg