www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Июнь окуясы боюнча күнөөлүүлөргө кандай жаза берилет?

Убактылуу өкмөттүн 5 мүчөсүнө КР Кылмыш-жаза кодексинин 337- беренесинин 4-бөлүмү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен айып тагылып жатканын 25-августта Башкы прокуратура билдирди.

Алар — Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Бактыбек Алымбеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев. Айыпталуучулардын Апрель революциясынан кийинки кызматы:

- Алмазбек Атамбаев — Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары;

- Исмаил Исаков — коргоо министринин милдетин аткаруучу;

- Бактыбек Алымбеков — ички иштер министринин милдетин аткаруучу;

- Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун губернатору;

- Кеңешбек Дүйшөбаев — УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу.

Учурда иш сотко жөнөтүлгөн. Бул берене менен кандай айып тагылат? 337-берене. Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу

1. Кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе:

3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктар үчүн жасалган ошол эле жосун:

5000ден 10000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун:

10000ден 20000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган, жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар:

20000ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости