www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы кырдаал боюнча Орусияга каршы билдирүүгө БУУга мүчө-өлкөлөрдүн үчтөн биринен азы кошулду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Аталган билдирүү шаршемби күнү уюмдун штаб-квартирасында жарыяланган. Анда Орусия атайын операциясын токтотпой жатканы сынга алынды.

Билдирүүгө БУУга 193 мамлекеттин ичинен АКШ, Улуу Британия, Албания, Австралия, Канада, Чехия, Грузия, Франция, Япония, Латвия, Литва, Италия, Испания сыяктуу 54 гана өлкө кол койгон.

"Биз Украинанын эгемендүүлүгүн, биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн каалайбыз. Орусиянын согуштук аракеттерди токтотууга чакырабыз", — деп айтылат документте.

Эске салсак, Орусия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп жатат. Президент Владимир Путиндин айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Орусиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости