www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу ѳкмѳттʏн тѳрайым орунбасары болуп дайындалган Атамбаевдин компетенциясы мамлекеттеги №2 кызматтын, премьер-министрдин ролундай кызмат болгон. Ал бир гана бийликке ѳз адамдарын алып келʏʏ менен гана алек болуп, мамлекеттик орчундуу иштер кѳӊʏлдѳн сырткары калган. Убактылуу ѳкмѳттʏн айрым мʏчѳлѳрʏ адилетсиз иш кылып, банктагы акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп, «сотка» менен ʏлкѳн кызмат, акча каражаттарын бѳлʏштʏрѳ баштаганы, бул жаӊы бийликтин абройуна шек келтирип, таза адамдар акырындап бул бийликтен четтеп, Кадыржан Батыров сыяктуу сепаратисттер бийликке жакындай баштаганына тарых кʏбѳ. Мурун эле ѳзбек тилине да расмий статус берʏʏнʏ талап кылып келишкен сепартисттер, Убактылуу ѳкмѳттʏн алсыздыгынан пайдаланып  Ошто автономиялуу областты тʏзѳбʏз деген сепаратисттик ойлорун ачык айта баштаган. Мындай адамдар мыйзам алдында жооп бериш керек эле. Бирок, Кадыржан Батыровдун мындай аракети бийлик тарабынан кан буугандай токтотулбагандыктан, алар бир тууган ѳзбек элин кыргыздарга каршы тукурушуп, Июнь коогалаӊын баштап жиберишти. Ошол мезгилде бийликте жогорку коопсуздук органдарынын бирин жетектеп турган Кубатбек Байболовдун айтуусунда: «Июнь окуясы башталганда Атамбаев «Форумда» 7 кʏн жашынып жаткан». Чын эле июнь окуясы башталганда мамлекеттеги экинчи жогорку кызматтагы адам каякта жʏрдʏ эле?

Июнь коогалаӊы кыргыздын мекенчил жигиттерин жашынтып салган жок. Элдин башына кʏн тʏшсѳ кантип жашынып жатышсын? Мелис Мырзакматов, Акматбек Келдибеков сыяктуу эл деп жʏрѳгʏ соккон азаматтар эл алдына чыгышып, кѳкʏрѳгʏн окко тосушуп, эки элди жараштыруу ʏчʏн жан далбастап аракет кылышты. Июнь окуясы Убактылуу ѳкмѳттʏн абийирин бʏт дʏйнѳгѳ чачты. Бир тууганбыз деп эсептешкен Орусия колун сунбай койду, бир «баурубуз» казактар чек арасын жаап алышты. Июнь коогалаӊы эки ай иштей элек жатып абийирлери тѳгʏлгѳн бийликтин бет пардасын ачып, парламенттик шайлоодо эл ʏчʏн кʏйгѳн Акматбек Келдибековго Ош обласында эле 120 миӊ добуш берип, «Ата-Журт» партиясы бийлик партияларын уят кылып марага биринчи болуп келди. Атамбаевдин КСДП партиясы менен «Ак-Жол» сымал парламентти ѳзʏм ээлеп алам деген ой-максаты таш капты. Айласы жок Атамбаев КСДП фракциясы «Ата-Мекен» фракциясы жана кечээ эле Бакиевдин алдында жѳргѳлѳп биринчи вице-премьер болуп кʏн кѳргѳн Бабановдун «Республика» партиясы менен коалиция тʏзʏʏгѳ мажбур болду. Арийне, Атамбаев тарабынан тʏзʏлгѳн бул коалиция «туула элек жатып тумуран калып», «биссимилда» дегенде эле парламенттен «нокаут» алып чалкасынан жыгылды.

Парламенттик кризис башталды. Атамбаевдин башына тʏшкѳн ушундай оор мезгилде «Ата-Журт» партиясы менен Акматбек Келдибеков кол сунду. Амбициясы кʏчтʏʏ Атамбаевди ѳкмѳт башында калтырып, СДПК, «Ата-Журт» жана «Республика» фракциялары таарынычтарын  ичке катып Акматбек мырзанын демилгеси менен эл ʏчʏн ынтымакка келишти. Жогорку Кеӊештин тѳрагалыгына Акматбек Келдибеков бир добуштан шайланды. Акматбек мырза парламенттик мамлекетте парламенттин ролу кандай болорун далилдеди. Анын мартабасы артып, ага чет мамлекеттин лидерлери колун суна баштады. Тагдырдын тамашасын кара премьер-министр Атамбаевдин башына «кара булут» айланып оппозициядагы «Ата-Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары  «Ата-журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев менен биригишип, ѳкмѳттʏ отставкага кетирʏʏ маселесин коюшту. Атамбаев жашынчу жерине жашынып, бир гана мамлекеттин стабилдʏʏлʏгʏн кѳздѳгѳн ал мезгилдеги спикер Акматбек Келдибековдун кийлигишʏʏсʏ менен Атамбаев премьер-министрден отставкага кетпей калды. Ошондо жашынып жаткан Атамбаев Келдибековго ыраазычылыгын билдирип кучактап алып, жалынып жалбарганы Акматбек мырзанын ичинде эле калсын. «Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат» эмеспи.

2011-жылдагы президенттик шайлоого 80 талапкер катыша турган болду. Албетте, бардыгы теӊ эле Атамбаевдин деӊгээлиндеги талапкерлер эле. Парламент спикери катары кыргыз элине гана эмес, бʏт дʏйнѳгѳ кадыр-баркы чыга баштаган Акматбек мырза президенттикке талапкердиктен Кыргызстандын биримдиги ʏчʏн баш тартып, Атамбаевдин президент болушу ʏчʏн жол ачып берди. Шайлоонун жыйынтыгы менен бийликке нааразы болгон элди Акматбек мырза тынчтандырды, андан соӊ «Тѳѳ кыядан ѳтʏп» анын Атамбаевге кереги жок болуп калды. Ичи тар Атамбаевдин «ичине буудай айланбай» жатканынын себеби, ага Келдибековдой иштерман, ѳз алдынча ой жʏгʏртʏп, кадыр-баркы менен элди алган спикерден кѳрѳ, айтканынан чыкпаган «кол бала» спикер керек эле. Келдибековду айгак менен далилсиз тѳрт дѳӊгѳлѳккѳ такап кызматынан кетирди. «Жел болбосо чѳптʏн башы кыймылдамак беле», «Бектер кетип эл калган»  убак да келер, ошондо келген акыйкат бийлик адилеттʏʏлʏккѳ жетер.

Атамбаевдин заманына кыргыз элине «кел-кел» деле алып келген жок. Атамбаев: «Бакиевдик бийлик коррупциялык схемалары менен элди сызга отургузуп келатат. Бажыдагы тʏшкѳн каражаттарды Максим Бакиевдин чѳнтѳгʏнѳ гана тʏшʏрбѳй элге бурсак, айлык акыбызды кѳбѳйтѳт элек. Электр тармагында жана башка бардык бийлик структураларныда коррупцияга бѳгѳт койсок, элибиз жакшы турмушта жашап калмак» -деп айтчу. Мамлекет башында Атамбаев турганда аны Бажы, электр жана башка тармактарда коррупцияга бѳгѳт койбо деп ким тыюу салды. Бажыда Максим Бакиевдин ишенимдʏʏ адамы К.Кулматов иштеп келип, мэр болду. Ал эми башка тармактарда деле коррупциялык схемалар калмак тʏгʏл кʏчѳп кетти. Атамбаевдин айланасында кечээки Акаев менен Бакиевдин «куйруктары»:  Ниязов, Сегизбаев, Оторбаев, Нарынбаев, Карашев, Сарпашев сыяктуулар айланчыктап жʏрʏштү. Атамбаев президент болор алдында Кремлдин алдында берген убадаларын аткарыш ʏчʏн 9 миллиард сом пайда тʏшʏрʏп жаткан АКШ авиабазасын чыгарып, суунун башы Нарын каскадын 75 пайыз акциясы менен Орусияга берип, «Кыргызгазды» 1 долларга сатып, Бюджетке 67 пайыз пайда алып келе турган «Кумтѳрдʏ» 50 пайызга пайдага тʏшʏртʏп жана башка кыргыз элине кыянаттыгын улантып келди. «Манас» аэропортун, «Дастан» заводун да камгактай сызгыырды. Эл ʏчʏн иштеп келаткан Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду айла-амал менен кызматынан кетиришти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости