www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу нан  25- жашар жигиттин зордуктаганы тууралуу маалымат түштү. Кыргызстанда сексуалдык зомбулуктан жабыр тарткан жашы жете электердин 80% тааныштары жана туугандары тарабынан жасалат. Балдарга карата сексуалдык ыдыктын жарымы үйүндө же конокто жасалат. Ата-энелер балдарыңыздарга сак жана жоопкерчиликтүү болуңуздар! Балдарыңыздарды зомбулуктан коргогуңуз келеби? Төмөнкү эрежелерге үйрөтүңүздөр!

 - «Жок» деп айтканды үйрөн».  Өзүндү сыйла. Өзүңдүн макулдугуң жок сенин денеңе эч ким жолоого укугу жок. Ким тийишип мындай көрүнүштү жасоого аракет кылып жатса ал боюнча бардыгына айтуудан уялба.

- Белгилүү каттам менен үйгө жет. Зарылчылык жаралган учурда такси кызматын чакыр, жолдогу унаага отурба;

- Подьездге, лифтке кирүүдөн мурда тегерегиңди кара, тааныш эмес адам менен кирбе;

- Эгерде кимдир бирөө сага кысым көрсөтүп, сага жакпаган нерселерди жасаганы жатса, «жок» деп айт. Бул жөнүндө ишенимдүү улуу адамдарга айтып бер. 

- Бейтааныш адамдар сунуштаган суусундуктарды ичпе;

- Каякка бара жатканы, качан келээри жана качан байланышыш керектиги тууралуу жакындарына билдирип тур;

- Эркек адамдар менен жалгыз калуудан алыс бол, алар туугандарың болсо дагы. Үйгө ата-энелериңер жок эркек адамдарды киргизүү коркунучтуу;

- Түнкү маалда көчөдө жана конокто карманба;

- Башка бирөөнүн унаасына, кошунаңдыкы болсо дагы отурба;

- Өзүңдүн коопсуздугуңа кам көрүүгө укуктуусуң, бул сый көрүнбөсө дагы;

«Менин милициянын аймактык инспекторум» жана «112 Кыргызстан» тиркемелерин уюлдук телефонуна көчүрүп берүү керек.  Алар жардам жөнүндө билдирүүнү тез арада берүүгө мүмкүнчүлүк берип, андан сырткары өзгөчө кырдаалдарда эмне кылуу керектиги жөнүндө маалыматтарды алууга болот.

Зомбулук болгон учурда эмне кылуу керек?

- Өз балдарыңызга ишенүү керек;

- Кылмыштын издерин сактоо керек-жунбоо, кийимдерди, ич кийимдерди ыргытпоо жана жуубоо керек;

- Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга, күтүлбөгөн жерден бойго бүтпөөсүнө жардам берет.

- Зомбулукка кабылган жашы жете элекке психологиялык жардам берүү керек.

Кыргызстанда балдарга карата жыныстык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлердин жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Документ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде каралып, биринчи окууда бир добуштан кабыл алынды.бул добушту жактап турган Мирлан Маматалиевдин айтымында, Кылмыш-жаза кодексине жана мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Статистиканы карасак, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш жасалса, анын 500гө жакыны, тилекке каршы, ушундай кылмыштар (293ү жыныстык эркиндикке каршы, 153ү үй-бүлө мамиле салтына жана жашы жете электердин кызыкчылыгына каршы) болгон экен. Мыйзамды өзгөртүп жаткан себеби – кылмышкерлер мунапыска да, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти дегенге да кирип калат экен, психикалык жактан оорулуумун деп жоопкерчиликтен качып кете алат экен. Эгер мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапса, педофилдер мунапыс ала албайт, аларга кылмыштын мөөнөтү деген аныктама колдонулбайт, ооруканага жатабы-жокпу, жазасын өтөөгө милдеттүү болот. Эреже боюнча, мыйзам күчүнө кирүүсү үчүн ал комитеттерден кийин жалпы парламентте да каралып, президенттин колу коюлушу керек.

16 жашка чейинки балдарды зордуктоо, ушул эле жосун адамдардын тобу менен жасалса, ал кош бойлуулукка алып келсе, оор залал келтирсе 25 жылга (учурда 15 жыл) же өмүр бою эркинен ажыратылат;

14 жашка толо элек балага сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер үчүн 25 жылга (учурда 15 жыл) же өмүр бою абакта отурат. Буга жабырлануучуну коркутуу же алсыз абалын пайдалануу менен жасалган бачабаздык, лесбияндык же ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү аракеттер кирет. Ушундай эле жосундарды адамдар тобу менен жасаса, ден соолугуна зыян келтирсе;

14 жашка толо эле балдарды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлагандар 10 жылдан 15 жылга чейинки (учурда 8-11 жыл) мөөнөткө кесилет. Тагыраак айтканда, шантаж кылуу же жабырлануучунун материалдык жана башкадан көз каранды болгонун пайдалануу менен жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбияндыкка же сексуалдук мүнөздөгү башка аракеттерди кылууга мажбурлоо;

16 жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандар 8 жылдан 12 жылга чейин (учурда 7-10 жыл) камалат;

16 жашка толо элек балага сексуалдык катнашсыз, ыплас аракеттер жасалса 7 жылдан 11 жылга чейин (учурда 5-10 жыл) кесилет;

Коркутуу же алдоо жолу менен сойкулукка тартып же мажбурлагандар 7 жылдан 12 жылга чейин (учурда 5-10 жыл) камалат;

Жашы жете элек балдарды порнобизнеске тартууга 100 миңден 200 миң сомго чейин (учурда 50-100 миң сом) айып пул салынат.

2013-жылы ал кездеги бешинчи чакырылыштагы депутаттар педофилдерди химиялык бычуу боюнча мыйзамды кабыл алышып, бирок ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койбой, андан бери балдарды зордуктоонун саны өсүп бара жатат. 2014-жылы педофилдерди өлүм жазасына буюруу каралган. Ыргал Кадыралиева жетектеген ЖКнын социалдык саясат комитетинин жыйынында депутаттар жашы жетпегендерге зордук-зомбулук жасагандарды өлүм жазасына буюруу жана өлүм жазасына берилген мараторийди алып салуу боюнча сунушту өкмөткө жолдогон. 2014-жылы КРде балдарга зомбулук 52 ирет кайталанса, анын ичинен жетиси сексуалдык зордук зомбулук болгон.

Мындай фактылардын ичинен өтө кечиримсиз, өлүм алдында калган учурлары гана коомчулукка чыгып жаткандыгы өкүнүчтүү көрүнүш болгон. Өкмөт бул жаатта иш-чараларды алып барып жатканы менен коомчулукта бул көрүнүштөрдүн азайбай жатканы ал кездеги президент Атамбаевди тынчсыздандарган эмес.

Комитет ошол жыйында 2 жашар балага жасалган зомбулук боюнча үрөй учурган окуяга тиешелүү министрликтердин маалыматын уккан. Депутаттар балдарга жасалган зомбулук тууралуу Комитеттин отурумунда өкмөткө балдарга болгон зомбулуктарды азайтуу боюнча атайын программа түзүүгө жана жашы жетпегендерге зордук-зомбулук жасаган учурда өлүм жазасын киргизүү же өлүм жазасына берилген мараторийди алып салуу боюнча сунуш беришкен.

Комитет мындан сырткары ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу, жарандарга, айрыкча эркектерге балага тийбөө тилектештигин кармоо боюнча чечимдер-сунуштар айтылган.

Кичинекейлерге ыдык көрсөтүү, зомбулук кылуу боюнча акыркы үрөй учурган фактысы коомчулукту, бийликти кыймылга келтирген. Педофилдерди химиялык бычуу мыйзамына кол койбой койгон Президент Атамбаев өкмөткө мындай окуялардын алдын алуу боюнча тез арада координацияланган чараларды иштеп чыгуу тапшырмасын берип, ал кездеги премьер-министр Темир Сариев бул багытта жасай турган иштерди белгилөөнү айткан.

2019-жылы педофилдерге кылмыш чарасы жеңилдетилген. Бул кыргыз коомчулугунда чуу жаратып, ал тургай Жогорку Кеңештин кароосунан каршылыксыз өтүп кеткени депутаттардын ишмердүүлүгүнүн беделин болуп көрбөгөндөй түшүргөн окуялардын бири болуп калган. 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кодексте балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө карата жаза жумшарган. Эски кодекстеги 129-берене. Зордуктоо жашы жете электерге карата жасалганда кылмышкер 15 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Жаңы кодексте бул 161-берене болуп кеткен. Зордуктоо үчүн жаза 10 жылдан 12 жыл 6 айга чейин жумшартылган. Мында 5-7 жыл кыскарган.

Эски кодекстеги 129-берене. Жашы жете элек адамга карата жасалганда 20 жыл же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.Жаңы кодексте 12 жыл 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, же болбосо өмүр бою эркинен ажыратууга жазаланат деп ырайым кылынган. Мында 7 жыл төрт ай кыскарган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости