www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вэнс Израиль АКШ үчүн «өзгөчө союздаш» макамынан ажыраганын билдирди, — деп жазат Politico. Мындай билдирүү Израиль АКШ менен Ирандын ортосундагы макулдашууларды сынга алгандан кийин айтылган.
Вэнстин айтымында, Израиль эл аралык обочолонууга барган сайын көбүрөөк дуушар болууда. Ошондой эле жаш америкалык республикачылардын арасында Израилге болгон мамиле да өзгөрүп жатканын белгиледи.
Маалыматтарга караганда, АКШ эми Израилге карата «Америка баарынан жогору» деген принциптен өзгөчө жеңилдик бербей калды.
Ошол эле учурда Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Иранга каршы аскердик кампанияны күчөтүү тууралуу талаптарына нааразы экени айтылууда. Трамптын пикиринде, Нетаньяху күч колдонууга өтө эле көп таянууда.
Ушундай жагдайдан улам Нетаньяху менен АКШнын жетекчилигинин ортосундагы байланыштар акыркы убакта кыйла сейректеп кеткени белгиленүүдө.