www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таиланддын полициясы Бангкок аэропортунан өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган 46 жаштагы австралиялык туристти кармады. Ал Паттайяда 17 жаштагы жергиликтүү кызды өлтүрүп, анын сөөгүн жуурканга ороп жашырып койгон деп шектелүүдө.
Кыз байланышка чыкпай калгандан кийин анын жакындары полицияга кайрылышкан. Көп өтпөй анын сөөгү темир жолдун жанындагы алачыктан табылган.
Тергөөчүлөрдүн негизги далилдеринин бири – көзөмөл камераларынын жазуулары. Анда шектүү мейманканага кыз менен чогуу кирип, кечинде оор чемоданды сыртка алып чыгып баратканы тартылган. Кийин чемоданды мотоциклге жүктөп кетип, кайра мейманканага жалгыз кайтып келген.
Мейманкананын бөлмөсүндөгү кан издери жана шектүүнүн бетиндеги тырмактын тактары кыз каршылык көрсөткөнүн айгинелейт. Бирок турист күнөөсүн четке кагып, бетиндеги жаракаттарды «жөргөмүш чаккан» деп түшүндүргөн.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, экөөнүн ортосунда акча маселесинен улам жаңжал чыккан болушу мүмкүн.