www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израил армиясы 28-январда Газа секторунун түштүгүндө ХАМАС тобуна (АКШда жана Израилде террордук деп таанылган) каршы тынымсыз кармаш жүргүзгөнүн, бул учурда АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (CIA, ЦРУ) жетекчилиги израилдик, египеттик жана катардык өкүлдөр менен бул аймактагы атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүнү улантканын AFP агенттиги кабарлады.

Иорданиянын түндүк-чыгышында, Сирия менен чектеш тилкесинде жайгашкан америкалык аскерлерге 27-январда учкучсуз учак менен чабуул жасалганын, бул чабуулдан үч аскер кызматкери мерт кеткенин Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 28-январда билдирген жана кол салууну Иран колдогон радикал топ уюштурганын, жооп кайтарыларын белгилеген.

Иран бийлиги 29-январдагы билдирүүсүндө АКШнын айыптоосун четке какты.

Би-би-си белгилегендей, бул 7-октябрдагы Израилдеги кол салуудан бери аталган аймакта америкалык аскерлер каза болгон алгачкы окуя. Буга чейин аларга кол салуу болгону кабарланып келген, бирок каза тапкандар катталган эмес.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш БАПОР агенттигине (UNRWA – БУУнун Жакынкы Чыгышта палестиналык качкындарга жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттиги) байланыштуу тутанган чырга карабастан аны колдоону улантууга чакырды. 26-январда аталган агенттик бир нече кызматкерин иштен кетиргенин, себеби алар 7-октябрдагы кол салууга катышкан болушу ыктымал деп айыпталып жатышканын маалымдаган.

Бул окуядан кийин агенттиктин АКШ жана Германия баштаган ири донорлору аны каржылоону токтоторун айтып чыгышкан.

ЦРУнун директору Уильям Бернс Парижде Египеттин, Израилдин жана Катардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Израил талкуу конструктивдүү нукта өткөнүн, дагы эле айрым орчундуу маселелер бар экенин, сүйлөшүү уланарын маалымдады.

Азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрдагы Израилдеги кандуу окуя себеп болгон. Ал күнү ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам хамасчылардын колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости