www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, III даражадагы Манас орденинин ээси Мелис Абакиров дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
Мелис Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1965-1970-жылдары Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук "Эмгекчил" гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары болуп иштеген.
1970-1971-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинин бөлүм башчысы, 1971-1979-жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары болгон. Андан кийин Абакировдун редакторлук вазийпасы башталат. 1979-1985-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985-1988-жылдары "Мектеп" басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын август айынан "Адабият" басмасынын башкы редакторунун ишин алып барган. 1992-1998-жылдары ушул басманын директору, 1998-2005-жылдары "Акыл" акционердик коомунун төрагасынын орун басары – "Кыргызстан" басма үйүнүн башкы редактору, 2004-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген.
Булак: NazarNews.kg