www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Палестина автономиясынын өкүлдөрү Израиль күчтөрүнүн Иордандын батыш жээгиндеги Женин шаарында жүргүзгөн операциясынан төрт палестин набыт болгонун билдиришти.

Израиль армиясынын маалыматына караганда, аскерлер “террордук ишмердүүлүк” үчүн издөөдө жүргөн эки жоочуну аткан. Израиль жоокерине лом менен кол салууга аракет жасаган киши да атып өлтүрүлгөн.

Өлгөндөрдүн арасында 16 жаштагы өспүрүм да бар, дагы 20 палестиналык жараат алган, төртөөнүн абалы оор. Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, өлтүрүлгөндөрдүн арасында "Ислам жихады" менен "Хамас" топторунун жогорку даражадагы мүчөлөрү Нидаль Хазем менен Юсуф Шрим да бар.

Израиль бийлиги Хазем террордук ишмердүүлүккө катышканын, Юсуф Шрим жардыруучу заттарды даярдоо менен алектенип, израиль аскерлерин аткылаганын кабарлады.

Жыл башынан бери Иордандын батыш жээгинде палестин жоочулары менен израиль күчтөрүнүн кагылышуусу курчуду. Соңку айларда эле израиль күчтөрүнүн операциясынын 80 палестиналык, анын ичинде жоочулар менен карапайым тургундар өлгөн. Палестиндердин кол салуусунан 13 израилдик мерт кеткен – алардын бирөө гана полициячы, калганы жай тургундар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости