www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-мартта Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары жана аппараттын кызматкерлери ишембиликке чыкты.

Ишембиликтин катышуучулары борбор калаабыздагы сейил бакты иретке келтирип, суу арыктарын тазалоо менен дарактардын көчөттөрүн тигишти.

Иш-чаранын алкагында Жогорку Кеӊештин Төрагасы Нурланбек Шакиев экология маселеси борбор калаада курч экенин белгилеп, шаардын тазалыгына ар бир жаран кам көрүшү керектигин кошумчалады.

"Бабаларыбыз жаратылыш менен эриш-аркак жашап, жер-сууга, тоо-ташка, жан-жаныбарларга жана өсүмдүктөргө урмат менен мамиле кылган. "Бир тал кессең – он тал эк" деп, эч убакта табиятка кыянаттык кылган эмес. Андыктан, бабалардын жолун улап, жаратылышты көздүн карегиндей сактоо баарыбыздын милдетибиз", - деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле кыргызстандыктарды уюштурулган ишембиликтерге жигердүү катышууга чакырган Төрага: "Жазда ар бирибиз көчөт тигип, талыкпай эмгек кылалы. Анткени, “Жаздын бир күнү - жылга тете" - дегендей, үзүрүн сөзсүз көрөбүз. Айрыкча, бүгүн тигилип жаткан көчөттөр, кийин түптүү бак-дарактарга айланып, алар келечек муундарга калтырган баалуу мурасыбыз болот", - деп кошумчалады.

 

Последние новости