www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Атамбаевдин сотко катышууга ден-соолугу жол бербесе, аны замбилге салып алып келиш керек», - деди бүгүн, 18-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине  укук коргоочу Качкын Булатов.

- Качкын-агай, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Биринчи Май райондук сотунда сотко катышуудан баш тартып, сот залынан чыгып кетти. Сот Атамбаевдин ден соолугун эске алышы керекпи же күчкө салып, сотко алып келиш керекпи?

- Атамбаевдин сотко катышууга ден соолугу жол бербейт деген врачтардын тастыктамалары болсо, сотко насылкага салып алып келиши керек. Бирок, Атамбаев азыр грыжам бар, отура албайм деп шылтоо кылып жатат.

Эгер сот анын катышуусу жок өтө турган болсо, анда мени сотко катыштырбай эле кесип салышты деп бет тырмалык кылмак. Ошон үчүн аны күч менен болсо да алып келип, сотко катыштырып туруу керек. Эгер отура албаса, керебетке жатып болсо да сотко катышышы шарт. Анткени, Атамбаевди оорулуу болсо да сот соттойт.

Себеби, Атамбаевдин кылмышы оор. Атамбаевдин айынан бир спецназ өлдү. Бир полковник жарадар болду. Үйүнөн канчалаган мыйзамсыз куралдар чыкты. Кыскасы, мына ошолордун баарына жооп берет. Ошон үчүн сотко катышыш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости