www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-апрелге карата Кыргызстанда 43 лаборатория маалыматтык системага кошулуп, ага 32 миңден ашык жазуу киргизилген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарандар Саламаттык сактоо министрлигинин https://ilab.med.kg/ порталы аркылуу өздөрүнүн лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын онлайн ала алат, бул кыйыр финансылык ресурстарды жана кызмат алуучулардын убактысын үнөмдөйт.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын алуу үчүн https://ilab.med.kg/ шилтемеси аркылуу өтүп, андан соң "Анализдердин натыйжалары" дегенди тандап, PIN, паспорттун серия жана номерин толтуруңуз, андан кийин сиз лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгын QR код менен корголгон pdf форматында жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Саламаттык сактоо министрлиги Санарип MED программасынын жана бекитилген санариптик саламаттыкты өнүктүрүүнүн максаттуу моделинин алкагында лабораториялар үчүн - ILab интеграцияланган маалыматтык системасын мурда иштеп чыккан жана санариптик чечимди ишке ашырууда.

Ошондой эле лабораториялык маалыматтык системаны «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы менен интеграциялоо боюнча иштер жүрүп жатат, ал үчүн кызмат алуучулар каалаган Калкты тейлөө борборлорунан электрондук цифралык кол тамганы алышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости