www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев Бакиевдин убагында эле Бакиев оппозицияны куугунтука алып, жалган кылмыш иш токуп жатат, керек болсо өлтүрүп жатат деп айтып келген, айтканын тана албайт баары интернетте илинип турат. “Балдарыма тийбе” дегенин унуттубу? Атамбаев эл менен жолугушканда укмуштуудай демократияны сүйгөн, сөз эркиндигин коргогон адам катары баалачыбыз. Керек болсо Ала Тоо аянтында трибунадан, премьер министр болгон Куловду "сексот, шестёрка, козёл", деп айтканы күнү бүгүн эсимде. Бакиевге каршы эмнени гана уюштурган жок, митинг, пикет, ачкачылык, жөө жүрүш. Бакиевге каршы жарандык пикир түзгөнүбүз чын эмеспи.
Себеби Бакиевдин бийлиги ошондой болсо дагы анча-мынча чындыкка жетчү экенбиз. Азыркы Атамбаевдин бийлиги мыйзам чегинен чыгып, Садыр Жапаровду жалган жеринен камаганы аз келгенсип, инилерин, балдарын, келиндерин камакка алганы, мыйзамдын чегинен чыкканы эмеспи. Карапайым адамды бир гана Мыйзам коргой алат, мыйзам үстөмдүгү сакталбагандан кийин, күч органы дагы жан алгычка “Палач” ка айланат. Камоого алган күч органы Садыр Жапаровдун балдарын, инилерин, агасын ур-токмокко алышканы айбанчылык эле болду. “Бөрк ал десе баш алган” күч органы курусун. Ким жооп берет чала жан кылгыча таяк жеген балдарга? Атамбаев эстечи сени камакка аларда кандай безелендеп коркуп, мени өлтүргөнү жатат бул мени мени өлтүрөт дегенинди унуттуң. Айлансок болуп элди алдабай тынчтык жол бийлигинди өткөрүп бербесең, Кыргыз журтун өтө кийин кесепетке кептеп коёрун бышык. Бирок барын коркутуп баш ийдире албайсын, акыры эл жеңет эсинден чыгара көрбө. Адамдын канын төгүп, кыйноого алган жаман жол.
Укук коргоочу Качкынбек Булатов
Булак: NazarNews.kg