www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев абсолюттук бийлик орнотууга умтулуп келе жатат. Коррупция менен кармашып жаткан сыяктуу болуп, ушуга чейин элди тымызын алаксытып келди. Келдибековду жалган жери нен камай коюп кийин, Алай эли коргоп чыкты эле, айласы кеткенден Атамбаев элдин кысымына баш ийип, Келдибековду коё бергенге аргасыз болду. Анткени А. Келдибеков жана Н. Түлеевдин кылмыш иштерин толук кандуу далилдей алган эмес. Жөн эле күч менен соттоп жиберишти.
Демек, Атамбаевдин бийлиги алмашкандан кийин прокуратур жана соттор жооп беришет. Мындай мыйзамсыз вакханалийге Атамбаев жол берип отурат. Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, мыйзамсыз иштерге атайын барып жатат. Сот процесстери жабык, жабырлануучуларды катыштырбай эле соттоп жатканы, мыйзам чегинен чыгып, “беспредел” эмеспи. Таң калычтуусу оппозиция лидерлерине жалган кылмыш иш токуй калып сот процесстерин бузуу менен баарын камакка алганы, каардуу 37 жылга окшоткон Атамбаевдин каардуу заманыбы. Телефондон сүйлөшкөнсүңөр, бозодогу сөздөр үчүн, көп жылдар өтүп кеткен ишке, жалган күбөлөрдү токуй коюп камакка алуу мыйзам дагы, Эл – Журт дагы көтөрө албайт, акыры бул куугунтукка иштерге чекит коюлары бышык. Ал эми президенттик шайлоого катышам деген аттуу баштуу, кадырасе элге эмгеги сиңгендерди камоого алып жатканы, акылга сыйбаган иш.
25-мартта Садыр Жапаровду камакка алганы, бийлик өзүнүн диктатурасын көргөзө алды. Эл колдоосуна ээ болгон Садыр Нургожоевич менен жолугалы деп Горький паркында миндеген эл шаан-шөкөт ыр менен тосуп жаткан эле, бирок күтүсүздөн чек арадан милиция, УКМК кызматкерлери барып камакка алганы элдин бийликке болгон көңүлүн суутту. Бийлик элди сыйлабай калгандын белгиси, элге күч көргөзгөндүн белгиси болуп калды, менден башка мыйзам жок.
Мындан кийин Кыргызстанда сөз эркиндиги, таза шайлоо болбойт. Атамбаев абсолюттук бийликти алып келди. Далай кыргыздын шору, шоркелдей болуп калды. Садырды колдоп келген мигрантар камакка алынды, Россияда кор болгону аз келгенсип эми түрмөгө кесилүүнүн алдында турат. Мындай массалык камоого бийлик өзү түрткү берип койду. Садыр Жапаровду эл менен жолуктуруп, эл тарагандан кийин же болбосо эртеси деле суракка чакырып, камакка алса болмок беле.
Садыр Жапаров кылмышкер эмес, ал саясатчы, эл колдосуна ээ болгон лидер. Атамбаев өтө жаман жолго түшүп алды, бул жолдон кайра онң жолго түшпөйт, мындан дагы репрессияга барат. Аягы жакшылык менен бүтпөй калды, Кайран гана Кыргыз тагдырың өтө оор экен, 1916 жыл үркүн, 1937 жыл...Атамбаев баарынан өткөн кандуу, куугунтуктун заманын башыбыздан өткөрүп келе жатабыз...
Укук коргоочу Качкынбек Булатов
Булак: NazarNews.kg