www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгемендик алгандан бери шайлоодо, акчага добушту сатып алмай салтка айланып калган эле. Ошондуктан парламентте жалаң бай депутатар отурат. Президенттик шайло болсо, ким төңкөрүштү каржылагандар эле тактыга ээ болуп келген. Акыркы күндө Бабановдун акчасы көп президент болот десе, жок Сариевдин тегерегине акчалулар чогулуп жатат дешет. Бирок, ушу акчага добушту сатып алуу стереотипти Садыр Жапаров талкалайт окшойт. Садыр Жапаровдун социалдык тармакты вулкандай жардырып, тегерегине өтө көп колдочуларды топтоду бул өзүнчө мезгилдин феномени, жакынкы жана ыраакы миграцияда жүргөн мигранттардын башын кошуп бир ири ынтымакка келтирип “Мекенчил” партиясына чогулта алды.

Мигрантар Садыр Жапаровду колдоо иретинде ар бир мигранттар 20 доллардан чогултуп жатканы белгилүү болду. Демек Садыр Жапаров добуш сатып албайт, Жапаровду эл өзү колдоп, чыгымды өзүлөрү чыгарган Кыргыздын жаңы багыты, жанң шайлоонун үлгүсү. Мындай феноменди ушу убакытка чейин эч ким көргөзө алган эмес. Атамбаевдин айткан жери бар, “акча чыгарып президент болгон адам” ал шайлоодо корогон акчасын миң эсе элден уурдап алат деп. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдөй болуп кыргыз тарыхында биринчилерден болуп Садыр Жапаров акча чыгарбай эл колдоосуна ээ болуу менен Президентик шайлоого аттанганы жатат. Чыныгы саясаттын саяпкери, чыныгы жаңы үлгү болуп бере алабы Садыр Жапаров, Алла колдосун деп тилек кылып туралык.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости