www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай шаарында сууга чөгүп кетүү фактыларынын алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кадамжай РИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү шаардык мэриянын кызматкерлери менен биргеликте өспүрүмдөргө жана жергиликтүү тургундарга сууда коопсуз жүрүү эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө каналдарда, бассейндерде, көлмөлөрдө жана башка суу объектилеринде коопсуздук талаптарын сактоо боюнча эскертүүлөр берилип, тиешелүү эскертүүчү актылар түзүлдү.

Мындан тышкары, кооптуу аймактарга эскертүүчү тактайчалар орнотулду. Жарандарга сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо жана жашы жете элек балдарды кароосуз калтырбоо зарылдыгы эскертилди.
 

Последние новости