www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу алкагында бир катар маанилүү документтерди даярдоо боюнча техникалык консультациялар өтүп жатат.

2026-жылдын 10–11-августунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясы боюнча Кыргызстандын Экинчи эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча докладын (ЭЖААД-2) жана Бешинчи улуттук билдирүүсүн (УБ-5) даярдоо маселелери талкууланууда.

Иш-чара министрлик тарабынан Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте уюштурулду.

Техникалык консультацияларга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маалыматтарды топтоо, талдоо жана улуттук отчетторду даярдоо боюнча пикир алмашуу жүргүзүлүүдө.

Последние новости