www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тогуз-Торо районунда милиция кызматкерлери кибер кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Казарман айылында милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу өткөн иш-чарада жарандарга интернет-алдамчылыктан сактануу, жеке жана банктык маалыматтарды бөтөн адамдарга бербөө, ошондой эле шектүү шилтемелерге кирбөө боюнча эскертүүлөр айтылды.

Мындан тышкары, дүкөндөргө жана эл көп чогулган жайларга кибер кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган эскертүү баракчалары илинди.

Милиция жарандарды интернетте жеке маалыматтарына этият мамиле кылууга жана шектүү билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды.

Последние новости