www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-августта Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин жетекчилиги Корея Республикасынын Корея деңиз институтунун директору Жо Жонхи жана институттун өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуу Ысык-Көл облусунун Тон районунда курулушу аяктаган Аквакультура жана балык өстүрүү регионалдык борборуна байланыштуу уюштурулду.
Тараптар борборду расмий ачуу жана объектти кабыл алуу иш-чараларына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле борбордун мындан аркы ишмердүүлүгү, кыргыз-кореялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана аквакультура менен балык өстүрүү тармагындагы биргелешкен иштердин негизги багыттары боюнча пикир алмашуу болду.
Жаңы борбордун ишке кириши аквакультура жана балык өстүрүү тармагын өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана Кыргызстан менен Түштүк Кореянын бул багыттагы кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталат.