www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын жаңы Регламенти бекитилди

Бүгүн, 14-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында БШКнын жаңы Регламенти бекитилди.

Документ 2026-жылдын 16-майындагы №66 жана 28-июлундагы №137 Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары менен “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкты. Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясынын колдонуудагы Регламентинин жоболорун жаңылоо зарылчылыгы да эске алынды.

Регламенттин жаңы редакциясын кабыл алуу Борбордук шайлоо комиссиясынын ички жол-жоболорун жана ишин уюштурууну конституциялык Мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирүүгө, ошондой эле анын ченемдерин практикада бирдей колдонууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин бекитүү жөнүндө” 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 73 токтому күчүн жоготту.

Последние новости