www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каденова мас болбогондо...

“Алдырар күнү жаздырар”-деген макал туптуура айтылган. Эгерде социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденованы Кореядан соо узатышканда эч кандай балээ башталмак эмес. Көөнү айлангыча ичирип салышыптыр, учакта тынч отуралбай копшолуп, окшуй берип жүргүнчүлөрдүн мазесин кетириптир. Ошондуктан аны учактан жерге алып түшүшүп, эс алдырган соң кайра кыргызстанга учуп келбедиби. Анан түштөн кийин актанып кирди, мен оозума дарыдан башка эч нерсе алган эмесмин деп. Соо экенине ишенишсе мынчалык чуу жаралмак эмес да,туурабы? Кантип эле соо адамды корейлик атайын кызматкерлер мастан айрымалай алышпасын? Шылтоонун да жарашыгы болот эмеспи.

Ушул опурталдуу окуянын “кесепети” бирөөлөргө катуу тийди. Министр акыры чөк түштү, орун басарлары да жайланды, эми үйлөп иче турган болушту айранды. Крышалары да үн катууга даашкан жок. Анткени шамалдын ыркыраганы ааламды каптап кетти.  Капыстан коргоого аракет кылынса башкаларды да шылып түшүшмөк. Айтор, бир уйдун “мүйүзү” сынганда миң уйдун мүйүзү зыркырады. Жалаң “сулуулар” жайгаштырылган министрликке мындан ары эркектерди аралаштырбаса болбой калыптыр. Иштен көрө кашын, кирпигин оңдотууга, бетин жылмалатууга деле чет өлкөгө барышкан эпчилдерди уга берип кулактар тешилип кетмей болду го. Кайнежелерди, бөлөлөрдү, партиялаштарды, курбуларды өңүнө карап кызматка орноштуруунун мезгили эбак бүткөн десе деле көнгөн адатынан кайтышпаганы өкүнүчтүү. Бийликтин тизгинин кармагандар төрт тарабын жакшылап карап, кадр тандабаса кызматтын кунары кете берерин эскертип коелу...

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости