www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Муфтийдин мурдагы орун басары, Уламалар кеңешинин экс-мүчөсү жана теолог Кадыр Маликов зордук-зомбулукка кабылгандар боюнча пикирин билдирип, 13 жаштагы кыздын милиция кызматкерлери тарабынан зордукталышы боюнча комментарий берди.
Эске салсак, Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши каралып жатат. Иш боюнча үч айыпталуучу бар, алардын экөө милиция кызматкерлери жана дагы бир жөнөкөй жаран.
«13 жаштагы жашы жете элек кызды зордуктоо окуясы резонанстуу гана эмес, коомубуздун жана системабыздын деградациясынын канчалык терең экенин көрсөтүп турат.
Мындай оор кылмышка милиция кызматкерлери дагы аралашса, анда ар бир жарандын, анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугу жөнүндө сөз болуп жатат.
Чынын айтсам, интернетти ачар замат терс маанайдагы жаңылыктарга күбө болосуң, өлкөбүздө өзгөчө аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулуктар көп болуп жатат. Кечээ эле Токмоктун жанында Асел менен анын агасынын резонанстуу окуясы болду.
Биз кайда баратабыз? Жыл өткөн сайын өмүрдүн, ар-намыстын жана мүлктүн коопсуздугуна кепилдиктер азайып баратат. А эгер конкреттүү болсо, адилеттүү жана калыс сот болушу керек, жазаларды катаалдаштыруу керек.
Кээ бир нормаларга жана «гуманизмге» таянып, мыйзам чыгаруучулар маньяктарды, педофилдерди өлүм жазасына тартууну эске албаганы өкүнүчтүү. Бирок мындай кылмыштар уланып жатат. Бул системалуу маселелерди түп тамырынан бери чечпей, кайдыгер мамиле болуп жатканы абалды мындан ары кыйындатат.
Коррупциялашкан системаны пайдаланып жазадан качкан адамдар бар.
Сот системасындагы адилетсиздик (жазадан качуу, же адилетсиз айыптоо) мамлекеттин пайдубалын, ага болгон ишенимди сындырат. Анткени мамлекет ар бир жаранга анын өмүрүнө, кадыр-баркына, ар-намысына жана мүлкүнө кол тийбестик жана коопсуздук укугун кепилдикке алышы керек.
Алла Таала бул укуктарды ар бир инсанга төрөлгөндөн баштап берген жана бул укуктарга эч кимдин кол салууга акысы жок. Ошондуктан исламда оор кылмыштарды жасаган адамдар өлүм жазасына чейин жазаланат”, - дейт Кадыр Маликов.
Булак: NazarNews.kg