www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинадагы атайын аскердик операциянын экинчи этабына даярдык көрүлүп жатканы, ал "Возмездин" ("Өч алуу") деп аталарын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Биринчи этаптан өттүк, экинчисине даярданып жатабыз. Операция мындан ары катаал болот, "Өч алуу" уланууда", — деди Кадыров.

Октябрь айынын аягында ал Апти Алаудиновдун жетектөөсүндөгү чечен батальондору жана "Ахмат" атайын даярдыктагы аскерлери "Өч алуу" деп аталган өзүнчө атайын операция жүргүзүп жатканын кабарлаган. Анда Николаев-Кривой Рог багытында эле 657 украин аскери жок кылынып, 300ү жаракат алган.

Кечээ Орусиянын Коргоо министрлиги аскер күчтөрү Донецк багытындагы чабуулун улантып жаңы, ыңгайлуу позицияларды ээлегенин билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын 24-февралынан бери Орусия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо операциясын жүргүзүп жатат. Куралдуу күчтөргө Донбассты бошотуу жана Орусияга коопсуздукту камсыздоо тапшырмасы коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости