www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тарыхта дүйнөнүн жалгыз үч жолку футбол чемпиону Пеленин сөөгү Бразилиянын Сантос шаарында "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген көрүстөнгө коюлат. Аталган көрүстөн 32 кабаттан турат. Бул тууралуу G1 порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган көрүстөндү аргентиналык Хосе Альтстут аттуу Пеленин досу курган. Футболчу өзү бул көрүстөндөн 19 жыл мурун жер сатып алган. Маркумду акыркы сапарга узатуу аземине үй-бүлөсү жана жакын достору гана катышат.
Эске салсак, кечээ, 29-декабрда Пеле 82 жашында каза болгон. Өмүрүнүн акыркы жылдарында футбол падышасы ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөргө туш болгон, атап айтканда, ага жоон ичеги шишиги деген диагноз коюлган.
Бразилияда үч күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.
Булак: NazarNews.kg