www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 28-декабрда чет элдик жаранды сузүп кетип, андан кийин аны ур-тепкиге алган айдоочу мурда УКМКда иштеген. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 28-декабрда милицияга Россиянын Р.Е. аттуу жараны кайрылып, Кулатов менен Лев Тослтой көчөсүндө белгисиз жаран унаасы менен сүзүп, андан кийин ур-тепкиге алганын билдирген.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 38 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
«Иликтөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү учурда УКМКда иштебей тургандыгы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта иликтөө уланууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте айдоочу чет элдик жаранды сүзүп кетип, өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, ага кол көтөргөнү, андан кийин жабырлануучуну УКМКнын имаратына алып барууга аракет кылганы тууралуу маалыматтар чыккан.
Буга байланыштуу УКМК расмий билдирүү жасап, аталган жаран атайын кызматтын кызматкери эместигин билдирген. Бирок, алар шектүү мурда УКМКда иштегени тууралуу кабарлаган эмес.
Булак: NazarNews.kg