www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент депутаты Дастан Бекешев “Жаныбарларга жоопкерчиликтүү мамиле жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Долбоордун негиздемесинде жаныбарларга карата жоопкерчиликтүү, гумандуу мамиле жасоонун жол-жобосу, эрежелери жазылган.

Мыйзам долбоорунда жапайы, үй, кызмат жаныбарлары жөнүндө аныктамалар белгиленип, аларга жасалган ырайымсыз мамилеге тыюу салуу чаралары каралган.

Маселен, бардык жаныбарлардын түрүн цирк жана зоопарктарда пайдаланууга тыюу салынат. Маалыматка ылайык, дүйнөнүн 45тен ашуун өлкөсүндө жаныбарларды оюн-зоок багытында пайдаланууга толук же жарым-жартылай тыюу салынган.

2021-жылы “Жаныбарларды коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору дагы сунушталган. Анда үй жаныбарларын багуунун эрежелери, аларды кармоо шартын жакшыртуу, ташбоор мамиледен жана ырайымсыз өлтүрүүдөн коргоо жоболору жазылган.

Талкууда мал союунун эрежелери боюнча талаш чыгып, мыйзам чийки экени айтылып, каралган эмес.

Бишкекте мамлекеттик бир цирк жана өлкөнүн айрым аймактарында чакан зоопарктар бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости