www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийлик-байлыктын кумарынан, элдин тагдыры жогору турат! Президент менен экс-президенттин ортосундагы кыл чайнашкан окуялар кыргыз коомчулугун терең ойго салууда. Мамлекеттик башкаруу түзүлүш, саясий маданият, мыйзамдуулукту сактоо маселесинде көптөгөн мандемдер бар экендиги ушундай курч окуяларда ачык көрүнүп калууда. Туруктуу элдик кеңеш-ТЭКтин төрага орун басары Кадыр Кошалиев менен ушул жана башка маселелер боюнча NazarNews.kg маалымат агенттигине кыскача маек курдук.
--Эки достун тиреши эмнеге алып келиши мүмкүн?
--Ток этерин айтканда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сөзүн эки дебей уккан адамды бийликке алып келип, Кой Таштагы үйүнөн туруп башкара берем деп ойлогон да... А реалдуу турмушта андай болбой калды. Үстөкө-босток Атамбаев башкарган жылдардагы коррупциялык иштердин бети ачылып, (көпчүлүк учурда табигый кырсыктардан улам Дача Суу, ТЭЦ) бийлик мындай калып эле коомдук көзөмөл күчөп кетти. Эч нерсени жашырууга болбой калды, кыбыр эткен аракеттер элдин назарына түшүүдө. Президент С.Жээнбековдо эки жол бар эле. Биринчиси досу менен болуп, мурдагы коррупциялык иштерди жең ичинен улантуу болсо, экинчиси биротоло эл жагына өтүп жемкорлук менен ачык күрөшүү озуйпасы алдында турган. Президенттин экинчи жолду тандаганы көрүнүп турат. Бирок ыкчам аракеттер жетишпей жаткан сыяктуу.
--Абалды курчутуштун кереги бар беле?
--Абалды мынчалык курчутпай тынчтык жол менен чечүү мүмкүнчүлүгү Атамбаевдин колунда болчу. Ар дайым дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири экендигин мактанып айтып калмайы бар эмеспи эрдикти сүрө кылып, сырткы карыздын бир бөлүгүн өз чөнтөгүнөн төлөп, башкаларга үлгү көрсөтүп, элден билип-билбей кетирген күнөөлөрү үчүн кечирим сурап, саясаттан биротоло кетиши керек болчу. Ошондо ушул балээден кутулмак, эл кечирмек, тиреш болмок эмес. Атамбаевдин өрнөктүү ишин улантып, бозоруп бозгунда жүрүшкөнчө Бабанов, Шадиев, Усеновдор, кезерип камакта жатканча дагы бир канчалары колдоп, сырткы карызды көптөп төлөп салышмак. Маселе тынчтык жол менен чечилмек. Азыр да кеч эмес, ушул сунушту карап көрүү керек. Каршылашып кан төгүүгө баруу, мыйзамга баш ийбөө -акылсыздык! Ажо же экс экендигине карабай жеке адамдан ЭЛДИН-МЕКЕНДИН-МАМЛЕКЕТТИН жолу улуу! Бийлик-байлыктын кумарынан, элдин тагдыры менен байланышкан тынчтыктын кунар баасы жогору турат. Мыйзамды сыйлап, тынчтык жол менен маселе чечкенге үйрөнүшүбүз керек.
--Абалдан чыгуунун кандай жолун көрүп турасыз?
--Азыр тарыхта жакшы аттуу же жаман аттуу болуп калуу мүмкүнчүлүгү Президент С.Жээнбековдун колунда. Демек, мыйзамдуулукту сактап, эл менен кеңешип, баардык тармакта жаныланууну баштоо керек. Тилекке каршы Парламент да, Өкмөт да чабалдыгын көрсөтүүдө, мындай шартта Президент жоопкерчиликти алып чечкиндүү кадамдарга барышы зарыл.
--Жакында сиздер мыйзам долбоорун сунуштоодо элдик демилге укугунан пайдаланып он минден ашык кол топтоп ЖК тапшырдыныздар. Бийлик тарабынан колдоого ээ болоруна ишеним барбы?
--Түшүнүшсө бийлик үчүн биз зор мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Конституцияны жанылоо максатында 12миң 700 кол топтоп ЖКга расмий тапшырдык. Мамлекеттик түзүлүш, башкаруу система, идеологиялык багыт түпкүлүктүү улуттун баалууктарынын негизинде калыптанышы керек экендигин илим эчак эле далилдеген. Анан калса бул көз караштын туура экендигин 30 жылдык соңку тарых турмуштук жактан ачык даана көрсөттү. Бизге адам укугун култка айландырган, баарын эсептегич, партиячыл, демократиячыл, байпагын башына кийген ачык либералдык коом дегени туура келбейт экен. Бизге бабалар баскан жолду заманбап улантып, элдүүлүктү, адилеттикти жогору баалаган нарктуу коом керек экен. Ошондуктан, туташ кризиске кептегенге себепчи болгон азыркы колдонуудагы Баш мыйзамды элибиздин кулк мүнөзүнө жараша жаңылап, 2020-жылы боло турган ЖКга шайлоолорду жаңы мыйзам-эрежелердин негизинде өткөрсөк, элдин үмүт оту кайра жанып, Кыргызстан өнүгүүнүн даңгыр жолуна чыгат деп ойлойм, - деди Туруктуу Элдик Кеңеш-ТЭКтин төрага орун басары Кадыр Кошалиев.
Булак: NazarNews.kg