www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Кадыр мырза, сиздер Ат Башы районуна караштуу, Кошой-Коргон-Чеч Дөбөдө иш-чара өткөрүп жатабыз дегендей болдуңуз, иш-чаранын максаты эмне?

--Ооба, убакыттан пайдаланып жалпы мекендештерди, эл тагдыры-өлкө тагдырына байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн элдик демилге менен ата салтына ылайык уюштурулуп жаткан, “Улуттук биримдик: Чеч Дөбө кеңеши” аталышындагы руханий иш-чарага чакырабыз! Өтө турган жери: Ат Башы району, Кошой-Коргон-Чеч Дөбөдө. Аталган иш-чара 21-август күнү, саат 12.00дө расмий башталат. Иш-чаранын максаты: Элдин эрки, биримдиги, деми, жаратман күчү жана каалоосу жашоо-турмушту жакшы жагына өзгөртүүчү зор күч экендигин көрсөтүп, адеп-ыйман, намыс коштогон коомдук руханий жаңыланууга баруу! Башкысы өнүгүү багытты, жолду, максатты эл менен кеңешип туура аныктоо болуп эсептелет.

--Аталган иш-чарага кимдер катышат?

--Катышуучулар жети облустан келет. Бишкек, Ош шаарларынан, кыргыз урууларынан жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынан өкүлдөр чакырылган. КРнын мамлекеттик бийлик бутактарынын башчыларына кат жөнөтүлгөн, алардан байкоочу иретинде расмий өкүлдөрдүн катышуусу күтүлүүдө.

--Боло турган даңазалуу иш-чаранын элге пайдасы барбы же баягы эле чыгашанын бир түрүбү?

--Быйыл кыргыз журту кепке келип, өнүгүүнүн туура жолуна чыга турган жыл. Тирешүүнүн арты жакшылыкка алып барбайт. Бийликти күч менен алмаштыруу маселеси күн тартибине коюлбайт. Иш-чара жалпы элдик мүнөздө болуп, бийликтин да, оппозициянын да камчысын чапбайт. Калыстыкты, адилеттикти, чындыкты туу тутат. Эл деген-КЕНЧ! Эл тагдыры, өлкө тагдырына байланышкан омоктуу ойлорду ортого салып, топтолуп калган улуттук уңгулуу маселелерди ынтымак-биримдик менен кеңешип чечели. Тилек-максат-багыт бир болгон жерде гана өнүгүү болот. Бабаларыбыз азыркыдай калктын тагдыры таразага түшүп, түйүндүү маселелер көбөйүп калган учурларда эл сыйына эгедер билги, даанышман аталар, эл жакшылары ЧЕЧ ДӨБӨГӨ чогулуп, ийри олтуруп, түз кеңешип, элдин маселелерин калыс-адилет чечип келишкен. ЧЕЧ ДӨБӨ -Алтайдан алгач ирет Ала Тоого келген Манас бабабыз, Кан Кошой атага жолугуп, кыргыз биримдигин түптөгөн жер. ЧЕЧ ДӨБӨ - төрт тарабы төп келген Алмамбет шердин сөөгү жаткан жер. ЧЕЧ ДӨБӨ- өткөндү-азыркыны-келечекти байланыштырып турган тархый-ыйык жай.

--Иш-чаранын программасы кандай болот?

--Программада Чеч Дөбөгө Кыргызстандын кызыл желеги, Манас атанын көк желеги жана Тогуз актын төмөндөгүдөй сөздөр жазылган таштан мамысы жыйындын катышуучуларынын атынан орнотулат.

Тогуз ак – көкүрөккө бекем бак! 1.Уңгу ишеним - бир Жараткан! 2. Дүйнө түзүлүш - бир бүтүндүк! 3. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок! 4.Элдин ынтымагы-ийгиликтин ачкычы! 5. Бийлик, байлык-элдики! 6. Мекеним- алтын бешигим! 7. Адилеттик-турмуш туткасы! 8. Илим, билим, маданият – келечекке шам чырак!. 9. Элдин абийири - улуттук дем жана ар намыс!

21.08.19. Саат 12.00 дөн 13.00 чейин атайын маданий программа; 13.00 дөн 15.00 чейин Кеңешме жыйын болуп, улуттук жолго тушүү боюнча чечимдер кабыл алынат. Тармактык адистер тарабынан тогуз жылдан бери даярдалып келе жаткан “Өнүгүүнүн кыргыз жолу” Багыттамасынын долбоору талкууланып, бийлик органдарына сунушталат; 15.00 дөн 16.30 чейин сый тамак, бата-тилек, куран окулат. 16.30 дан 18.20. Кошой Коргон –Чеч Дөбө жүрүшү; 18.20 дан 19.00 чейин Уюштуруу ишине жооптуу адамдар тургузулган желектер жана таш мамынын маани мазмуну жөнүндө учкай баяндайт. Манастан үзүндү айтылат. Чогулгандардын атынан батакөй жолу улуу аксакал жыйынтык сөзүн айтып, Жаратканга кайрылып, жалпы эл үчүн бакубат бардар жашоону суранган бата-тилегин айтат. Соңунда баары Кыргызстандын гимнин ырдашып, кийинки иштерди макулдашып тарашат.

--Бул кандайдыр бир капчыктуу байдын же партиянын кызыкчылыгы эмеспи?

--Жок! Биз иш-чарага келген жарандарга иш-чаранын жүрүшүндө кайсы бир саясий күчтөрдүн пайдасына, диний ишенимдерге үгүт жүргүзүүгө жол бербейбиз. Эгерде аталган иш-чарага кимдер кызыкдар болсо байланыш телефондор: 0703-835-340; 0709-201-938; 0500-11-09-62 ушулар.

--Рахмат.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости